'Синайга жол жүрүү' ("Marching to Zion" trailer in Kyrgyz)

Video

May 3, 2015

4 000 жыл мурун Кудай Ыбрайымга Месопотамияда келип, мындай деген: “Өз жериңен, өз туугандарыңан, атаңдын үйүнөн бөлүнүп чыгып, мен көрсөткөн жерге бар. Мен сенден улуу эл чыгарам.” Ыбрайым Кудайдын айтканына баш ийип, убадаланган Канаан жерине келди. Ал жерде ал бир топ убакыт баласы Ыскак, небереси Жакып менен жашаган, кийин ага Ысрайыл деген ат коюлган.

Ысрайыл жана анын 12 уулу Египетке көчүшту, себеби Канаан жеринде ачаарчылык болду жана ал жерде алар абдан күчтүү калк болуп көбөйүштү. Египеттиктер алардын арасында күчтүү калк жашагандан коркуп, аларды кулга айландырып, аларга чоң салыктарды салып жашоолорун абдан оорлотушту. Египеттин кулчулугунда 430 жыл жашагандан кийин, алар Муса аркылуу ал жерден чыгышкан, Кызыл Деңизди өтүшүп Араб өлкөсүнө келишет жана ал жерде Синай тоосунда Кудайдан Мыйзамды алышат.

Египеттен Муса менен чыккан Ысрайыл эли убадаланган жерге кирген эмес, себеби алар Кудайга толук ишенген эмес. Алар чөлдө 40 жыл бою тентип жүрүштү, акыры бардыгы өлдү, бирок жаңы муун көтөрүлүп Нундун уулу Жашыя менен убадаланган жерге киришти, себеби алар Кудайга ишенишкен.

400 жылга жакын Ысрайылдын 12 уруусун башкаруучулар Мусанын мыйзамдары менен башкарышты. Алар башка калктардай эле падыша коебуз дегенде, Кудай аларга Шабулду көрсөттү, ал 40 жыл падышалык кылды, андан кийин Дөөт падыша 40 жыл башкарды жана Дөөттүн уулу Сулайман 40 жыл падыша болду. Сулаймандын доорунда Ысрайыл падышалыгы абдан өркүндөп гүлдөдү, ошол учурда биринчи ибадаткана курулду, бирок Сулаймандын жүрөгү картайганда Кудайдан баш тартты, ошондо Кудай ага 10 урууну анын уулу башкарбайт деп айтты.

Сулайман көз жумгандан кийин, Ысрайыл падышалыгы экиге бөлүндү, түндүктөгү 10 урууну ар кайсы алсыз падышалар башкарды, алар Дөөт менен Сулаймандын тукумдары эмес эле. Түндүк Падышалык Ысрайыл деген атын сактап калды жана борборун Самария кылды. Кичирээк Түштүк Падышалык Жүйүт деп аталды, борбору Иерусалим болду жана аны Дөөттүн тукумдары башкарды. 2-Падышалар:16 китептен баштап Түштүк Падышалыктын эли “еврейлер” деп Жүйүт падышалыгынын атынан атала баштады.

Ысрайылдын Түндүк Падышалыктын алсыздыгынан Ассириялыктар аларды басып алып кулчулукка алып кетишти. Калып калган ысрайылдыктар жерин басып алган бутпарастар менен аралашып калды. Алар Самариялыктар деп аталып калышты жана Түндүк Ысрайылдын 10 уруусу кайра бүтүн эл болгон жок.

Түштүк Жүйүт Падышалыгы башка кудайларга табынып кеткендиги үчүн жазаа катары Бабылдыктардын колуна түштү, ибадаткана талкаланды, бирок 70 жылдан кийин еврейлер Жүйүт жергесине кайтып келишти жана Дөөттүн урпактары падышалыгын улантты.

Машайктын учурунда Жүйүт эли Иудея деп аталып калды жана аны Римдиктер башкарып турду. Ыйса Машайак жана анын шакирттери Жүйүт аймагында Ысрайыл үйүнүн жоголгон койлорун табуу үчүн Жакшы Кабар айтып жүрүштү. 3,5 жыл кызматынан кийин еврейлер Ыйсаны Машайак эмес деп Рим башкаруучусуна аны айкаш жыгачка кадатышкан. 3 күндөн кийин ал тирилди жана өзүнүн шакирттерине көрүнүп Асмандагы Атанын оң жагына отурду.

Ыйсаны айкаш жыгачка кадаардан мурун, ал пайгамбарчылык кылган: аны четке каккандыгы үчүн Иерусалим өрттөлөт, ибадаткана талкаланып, еврей эли жер жүзүнө чачырап башкаларга кул болот деп. Бул пайгамбарчылык биздин доордун 70 жылы Рим императору Тит Иерусалимди басып алганда аткарылды. 1800 жыл бою еврей эли дүйнө жүзүндө чачырап жүрдү.

Кийин 1948 жылы, мүмүкүн эмес нерсе болду. Ысрайыл Мамлекетти негизделди, еврейлер дагы бир жолу убадаланган жерге ээ болушту. Көптөгөн машайакчылар бул окуяны керемет жана Кудайдын батасы деп жарыялашты, бирок бул нерсе чынында эле Кудайдын батасы болдубу же кара күчтөрдүн башкаруусубу? Бул тасма буга жооп берет.

 

 

 

mouseover